Саламатсыздарбы менин урматтуу окурмандарым!

Менде мындай блог ачуу идеясы жаралганына көп болду, анткени жүрөктүн тубаса кемтиктерин аныктоо жана аларды дарылоо менин негизги ишим, ал эми иш жашоомдун бир бөлүгү болуп калган.

Балдар кардиологиясы тармагында чоң тажрыйбам мол болгондуктан, мен чындыгында сиздер менен өзүмдүн билимим менен бөлүшкүм келет. Балким, ушундай жол менен мен жүрөк аномалияларын (төрөлгөнгө чейин же төрөттөн кийин) өз убагында аныктоого себепкер болуп калаттырмын, андан кийин ТЖК менен ооруган балдардын дарылоосуна оң таасирим тиет.

Бүгүнкү күндө заманбап кардиологиянын, кардиохирургиянын жетишкендиктери жана дарылоонун түрдүү ыкмалары көп болгондуктан тубаса жүрөк оорусунун диагнозу өмүрдүн өкүмү болбой калган.

Мен бардык тексттерди эң ​​жеткиликтүү тилде жазууга аракет кылам, аларга деталдуу, түшүнүктүү сүрөттөрдү жана диаграммаларды кошуу менен жеткирем, андыктан жада калса жөнөкөй окурман дагы жүрөктүн олуттуу патологияларын түшүнө алат.

Ийгиликке жетишиме чын жүрөктөн ишенем.
🙏🏻

Урматтоом менен 🧑‍⚕️
Балдар кардиологу Аматов Данияр Апазович